Теннис боюнча кыргызстандык спортчулар Дэвис Кубогунда бардык беттештерде жеңилип калды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет. Ага Кыргызстандан Руфат Миржалиев, Ширзат Сыдыков, Илья Семёнов, Адилбек Маматов жана Баатай Максатов катышты. Мелдештин эң төмөн болгон 4-тайпасында мекендештерибиз Катар, Мьянма, Иордания жана Сауд Арабия менен беттешип, бардык оюндарда 3:0 эсебинде жеңилип калышты.