Бир тууганым таанылгыс болуп сабалды деген окуя: Аялдын сабалышына шектелип күйөөсү кармалды

Кербенде аялдын сабалышына шектүү делинип күйөөсү кармалып, 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандын баш коргоо чарасы бүгүн кечинде каралышы мүмкүн.

Буга чейин SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө келиндин бир тууганы окуя тууралуу маалымдаган.

26-август күнү саат 07:30 чамасында Аксы райондук аймактык ооруканасынын 103 кызматынан РИИБдин 102 номерине кабар келип түшкөн. Анда Кербен шаарында 1987-жылы туулган Ы.Г. аттуу жаранды 1986-жылы туулган А.К. аттуу күйөөсү сабаган. Бул боюнча милиция аялын сабаган жаранга сотко чейинки өндүрүш иши боюнча текшерүүнү баштаган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
i1urp
2020-08-28 23:59:04
Кордунорбу аялдар, силердин туйшугунорду эч ким которбойт. Молдосу да которбойт, блогери да которбойт. А жаман ойлорунда булар ар кандай видео же диний уламыштарды тануулап, тилинин учу менен аялдардын кийген кийиминен баштап, баскан кадамына чейин тымызын козомолдогусу келип турушат.
-2
nurali1989
2020-08-29 20:12:51
Сабалбай ажыраш тынчыраак. Же келиндин озундо куно же куйоосу начар. Кандай болгондо да бул турмушуну токтот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан