"Май төгүлгөн". Сосновкада жүк ташуучу унаа жолдун четиндеги бетон тосмосун сүзгөн

Ош-Бишкек жолундагы Сосновкада жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүк ташуучу авто унаа түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып айдоочу унааны башкара албай калган. Унаа 83 чакырымда жол кырсыгына кабылган. Жүк ташуучу унаа жолдун четиндеги бетон тосмосун сүзгөн. Кырсык болгон жерде май төгүлгөн, бирок учурда унаалар тайгаланбашы үчүн кум чачылган. Кырсыктан жабыркагандар катталган жок.

Сосновкадагы жол кырсыгы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан