Кечээ, 26-августта социалдык тармактарда Каракол шаарында үлпөт той кортежинин айдоочулары коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын бузуп, Каракол шаарынын көчөлөрүндө жол кыймылынын эрежелерин бузган видео тараган. Аларга айып салынганын облустук милициядан билдиришти.
"Ошол эле күнү Каракол шаарындагы Жеңиш паркынын жанында жол эрежесин одоно бузган айдоочулар да кармалды. Алар Каракол шаарынын тургундары. Хонда-Фит унаасынын айдоочусу, 20 жаштагы К.А. жана ДЭУ-Некция унаасынын айдоочусу, 20 жаштагы С.А. жараны кармалды. Аларга 7 миң 500 сомдон айып пул салынып, унаалары Каракол шаарындагы унаа токтотуучу жайга жеткирилди", - деп билдирди басма сөз кызматынан.