
Токмокто тез тамактануучу жайда өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өрт кечээ, 27-август күнү саат 14:58де Токмок шаарынын Горький көчөсүндө тез тамактануучу жайда чыккан. Тилсиз жоодон 10 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.
Учурда өрттүн себептери такталууда.