Кыргызстандык спортчу самбо боюнча Европа чемпиондугунда 5-орунду ээледи

Кыргызстандык спортчу Дастан Кылычбек уулу (60 килограмм) самбо боюнча Латвиянын Рига шаарында өтүп жаткан Европанын ачык чемпиондугунда коло медаль үчүн болгон беттеште Максим Сетуланге утулуп калды. Буга байланыштуу ал 5-орунду ээлеп калды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт. Мындан сырткары, мелдешке катышкан кыргызстандык Фархат Абжалиев (55 кг) жана Нурсултан Айталиев (66 кг) алгачкы беттештерде жеңилип калышты.  

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан