"Бакай Банк" медкызматкерлер үчүн льготалык насыяларды берет
Айлык маянасын "Бакай Банктын" картасы менен алган медициналык мекемелердин кызматкерлери 50 миң сомго чейин жылдык үстөгү 18 пайыз менен күрөөсүз насыяларды жана насыялык карталарды ала алат. Насыяны алуу үчүн болгону паспорт керек.
Бакай Банк эмгек акы долбоорлорунун алкагында Кыргызстан боюнча бир катар мамлекеттик жана жеке медициналык мекемелерди тейлейт. Бул мекемелердин кызматкерлери эми жеңилдетилген ставка менен насыяларды ала алат.
Күрөөсүз насыя 50 миң сомго чейин
"Бакай Банктын" картасы менен айлык алган медициналык мекемелердин кызматкерлери 5 миң сомдон 50 миң сомго чейинки насыяны жөн эле паспорт менен ала алат. Мындай насыянын жылдык үстөгү 18 пайызды түзөт. Насыянын мөөнөтү 3 айдан 12 айга чейин.
Кредиттик карталар: 2 жыл заматта берилүүчү насыялар
Медкызматкерлер үчүн револьвердик карта - бул 50 миң сомго чейинки баланста насыясы бар төлөм картасы. Бул насыя картада 2 жыл бою улам пайда болуп турат. Негизинен бул картага заматта түшө турган бир нече кредиттер. Бакай Банк картанын 2 түрүн сунуштайт:
Эффективдүү пайыздык ставка — 19,5458%.
Байланыш-борбор 24/7: