Бишкекте жеңил унаа 19 жаштагы кызды сүзүп кетти

Бишкекте жеңил унаа 19 жаштагы кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.

Жол кырсыгы бүгүн, 29-августта саат 09:55 чамасында болгон.

"Анкара көчөсү менен түндүктү карай бара жаткан Mazda Demio унаасы жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Жабырлануучу 19 жаштагы кыз ооруканага жеткирилген. Учурда унаа айып короосуна токтотулуп, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан