Бишкектин Көк-Жар кичи районунда сабалган жигиттин видеосу тарады. Милиция шектүүлөрдү издейт

Социалдык тармакка катуу сабалган жигиттин видеосу тарады. Тасмада бир жигитти бир канча бала сабап, андан соң качып кеткендерин көрүүгө болот.

Бул окуя 26-августта Көк-Жар кичи районунда болгонун Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сабалган бала 27 жашта. Бизге маалымат Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан келип түшкөн. Сабалган жарандын аты-жөнү К.Ш. . Ал башынан алган жаракатынан улам жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "бейбаштык" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Милиция кызматкерлери аталган кылмышка катыштыгы барларды издөө жана тактоо иштерин жүргүзүп жатат", - деди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
-BOSS-
2020-08-30 10:13:22
Шаарда шакалдар толуп кетти го
+13
medet1983
2020-08-30 10:17:19
Бир жигитти он бештей шакал талап кетти десе болгудай.Буларды жигит дегенге ооз барбайт.
+24
Belek1710
2020-08-30 11:58:21
Тиги экек өзү неге тартып карап турду!
+3
Nursul
2020-08-30 14:39:05
Адамдар не мынча бейкапар таш боор болуп калышкан. Бери жактагы адамдар ажыратып койбойбу кайдыгер карап койюшпай. Ушуларды да кармап кетишсин булар да жооп беришсин кайдыгер болгону үчүн нары жакта адамды өлтүргөнү жатса булардын турганын кара.
+4
Kubatbek1974
2020-08-30 17:36:38
Не карап турушат үч бала деп, өзүңөр карап турасыңар видеого тартып,сен чуркап барбайсыңбы жигитсиңго.
+2
Taalai94
2020-08-30 20:57:50
Kubatbek1974,алар видеонаблюдениеден тартышкан окшойт
0
Kona8631
2020-08-30 21:12:55
10 чакты шакал десе болмок..или кыздар!
+2
nazira...
2020-08-30 22:58:19
Э олгуло тарткандын оордуна бвшынды чыгарып болсо да кыйкырбайсынарбы, ошо силердин тууганынар болуп калса корот элем.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан