Жумгалда көмүр ташыган айдоочуга ок атып, унаанын терезесин сындырган. Милиция шектүүлөрдү издейт

Жумгал районундагы ок атууга тиешеси бар жарандардын аты-жөнүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-август күнү саат 23:45 чамасында Жумгал РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 1992-жылы туулган К.М. аттуу жаран телефон чалган. Анда ал Миң-Куш айылынан өзү айдап жүргөн Хово унаасы менен Балыкчы шаарына көмүр жүктөп бара жаткан учурда Чаек айылы менен Байзак айылынын ортосунан белгисиз адамдар унаанын терезесин таш менен уруп сындырып, андан соң унаасын эки жолу ок атуучу курал менен атышкандыгын айткан.

Аталган билдирүү боюнча Жумгал РИИБинин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, унаага кароо жүргүзгөн. Анда машинанын сол жактагы терезеси сынып, унаанын кузовунун сол жак тарабында майда чачыраган ок атуучу куралдын окторунун тактары, сол жак арткы дөңгөлөгүндө дагы майда чачыраган октордун тактары калгандыгы такталган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ошондой эле жабырлануучу 28-август күнү саат 15:00 чамасында Миң-Куш айылынан унаасы менен көмүрдү жүктөп,өзү жалгыз саат 21:30 чамасында Жумгал районунун Арал айылына келгенде Субару-Аутбек үлгүсүндөгү автоунаасы менен бейтааныш 4-5 бала "силер такай көмүрдү ашыкча жүктөп жатасыңар. Силерге акча керек болсо бизге жол керек, мындайыңарды токтотпосоңор унааңарды кууп салабыз" дешип беттерин көрсөтүшпөй Чаек айылы тарапка кетип калышкан.

Андан ары жабырлануучу Балыкчы шаарына бара жаткан учурда түнкү саат 23:45 самасында Чаек айылы менен Байзак айылынын ортосунан белгисиз адамдар Nissan Almera Tino же Хонда-СРВ үлгүсүндөгү унаа менен жолдун жээгинде күтүп турушкан. Алар унаанын терезесин таш менен уруп сындырып, андан соң , унаанын кузовунун сол жак тарабына эки жолу ок атуучу курал менен атышкан. Айдоочу ал жерден качып милицияга телефон чалган. Учурда кылмыш ишине тиешеси бар адамдардын аты-жөнүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
amirrus
2020-08-30 20:20:19
туура кылыптыр , ашыкча жуктосо чекеден ошондой кылыш керек...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан