Жалал-Абад облусунда жеңил унаа сайга түшүп кетип, бир адам жаракат алды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жеңил унаа сайга түшүп кетип, бир адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-август күнү саат 22:55 чамасында Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл аймагынын Сырт жайлоосунда Daewoo Labo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып сайга түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1980-жылы туулган эркек киши жеңил жаракат алган. Окуя болгон жерге ӨКМнын өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары барып, жабыркаган адамды унаадан чыгарышып "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан