Бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык спортчулардын атаандаштары белгилүү болду

Бильярддын “эркин пирамида” түрү боюнча Якутияда 17-22-сентябрь күндөрү өтүүчү Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык спортчулардын атаандаштары белгилүү болду. Мелдешке кыздар арасында Кыргызстандан катышкан Наталья Иванова орусиялык Полина Ярошевичке, Гульзина Касымова украиналык Виктория Ивановага каршы беттешет. Жалпысынан кыздар арасында мелдешке 5 өлкөдөн 33 спортчу катышууда. Ал эми эркектер арасында 17 өлкөдөн 115 спортчу катышат. Мелдештин байге фондун 130 миң Америка доллары түзөт. Оюндар бүгүн, 18-сентябрь күнү башталат. Каныбек Сагынбаевдин атаандашы биринчи беттеште жеңген спортчулардан аныкталат. Ал эми калган кыргызстандык спортчулар чүчүкулактын натыйжасында төмөнкү атаандаштар менен беттешет:     

 

Зайлан Адамов (Кыргызстан) - Олег Жигимонт (Беларусь)

Камолиддин Есиддинов (Кыргызстан) - Владимир Вайнцвайг (Орусия)

Улукман Карагулов (Кыргызстан) - Януш Маркоцинский (Беларусь) 

Дастан Лепшаков (Кыргызстан) - Алихан Каранеев (Казакстан)

Антон Нетесов (Кыргызстан) - Александр Бойко (Украина)

Ызатбек Раатбеков (Кыргызстан) - Эрдене Болорхуу (Монголия)

Кубанычбек Сагындыков (Кыргызстан) - Нодирбек Мирзаев (Өзбекстан)

Канат Сыдыков (Кыргызстан) - Александр Муравьев (Орусия).  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Adil706070
2013-09-18 10:27:49
Якутияда „Триумф” спорткомплексинде болуп жатат
0
tokmoktuk
2013-09-18 11:38:07
Ооба буйурса бугун келишти окшойт жолдордун баары жабылып анча мынча пробка болуп жатат.
0
omurbek9393
2013-09-18 23:14:34
Баарына ийгилик!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан