Бүгүн, 1-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаардын мэрлеринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Коопсуздук кеңешинин жыйынында 4-октябрда парламенттик шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселе каралууда.
Коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жана премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматтары угулууда.