Токмок шаардык соту "сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттер" беренеси менен айыпталып жаткан жарандын ишин "бейбаштыкка" алмаштырып, сот залынан бошотуп жиберди деген жабырлануучу Чыңгыз Камбаров SUPER.KG порталына кайрылды.
Анын айтымында, мындай чечимди Токмок шаардык соту ушул жылдын 8-апрель күнү чыгарган.
"Токмок шаардык соту чыгарган чечимге нааразы болуп, бардык жакка арызданып жатам. Азыр өлкө башчыга кайрылуу катымды таштап келдим. Буга чейин акыйкатчыга дагы кайрылгам. Менин 10 жашар кызымдын окуясы 2019-жылдын 7-октябрында болгон. Ал окуя болгон күнү саат 12:30 чамасында сабактан тарап, дос кызы экөө дүкөндөн жегенге бир нерсе алып, скамейкада отурушкан. Бир кезде белгисиз мас абалындагы киши аларга келип, кызымдын көзүн бир колу менен жаап, оң колун катуу кармап, оозунан өпкөн. Жанындагы кыз "байке" деп кыйкырып жибергенде кетип калган. Мас абалындагы киши андан ары барып, 5 жашар орус улутундагы кызды подъездге киргизип, өзүнүн шымын чечип, уяттуу жерин ага көрсөткөн. Ары жактан бир апа байкап калып, кызды кыйкырып чакырып алган. Кийин ал апа сотто дагы өз көрсөтмөсүн берген. Ошол окуядан кийин даярдалган соттук-медициналык экспертиза кызымдын колу көгөргөнүн аныктаган.
Андан кийин Токмок ШИИБи бул окуяны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине 162-берене "сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттер" менен каттап, ишти тергеген. Андан кийин иш Токмок шаардык сотуна өткөрүлгөн. Шектүү аскер адамы болгондуктан, Аскер прокуратурасы соттон айыпталуучуга 16 жыл сураган. Бирок аягында сот баштапкы коюлган беренени "бейбаштыкка" алмаштырып, шектүүгө 300 миң айып салуу менен сот залынан бошоткон. Андан кийин мен "Сот кеңешинин дисциплинардык комиссиясына дагы арыз менен кайрылгам, бирок алардан жооп болгон жок. Эми мен өлкө башчыдан анан эртеңки Чүй облустук сотунан акыйкаттык күтүп жатам. Себеби биз шаардык сот чыгарган чечимге макул болбой, облустук сотко кайрылганбыз.
Ал эми Токмок шаардык соту беренени алмаштырганынын себебин шектүү ажырашып кеткендиктен, балдарын сагынып, менин кызымды жөн эле өөп койгонун, ал эми 5 жашар кыз ал подъезде заара кылып жатканда өзү келип карап турган деген жүйөлөрдү келтирди. Айыпталуучу тараптан тосмо арыз жазып бергиле деп бизге карата коркутуулар болгон. Биз бул боюнча милицияга кайрылганбыз, бирок азыркыга чейин жыйынтык жок. Себеби биздин подъездде камера орнотулган. Ошол камерага биздин үйгө эки аял келип, кат таштап кеткени түшүп калган. Катта мага карата коркутуу сөздөрү жазылган. Биз каттарды берсек дагы милиция ошол аялдарды тапкан жок, андан бери ар кандай шылтоону айтып жатышып, үч тергөөчү алмашты.
Жабырлануучу азыр деле шектүү жаран Токмок шаарында мас абалында жүргөнүн айтат.
"Биз жакын эле жашайбыз. Дагы деле жүрөт. Кызым коркуп калган. Биз ал кызыбыздын көзүнө көрүнбөсө деп аракет кылабыз. Бирок дайыма эле антип жүрө албайбыз да. Анан ушинтип ар кайсы жакка кайрылып баштадым, болбосо майнап чыкчудай эмес", - деп сөзүн аяктады Камбаров.
SUPER.KG порталы бул окуя боюнча экинчи тараптын дагы оюн угууга даяр.