Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунда турак үйдүн чатыры күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 31-август күнү саат 16:18 чамасында Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айыл аймагынын Чек айылындагы Токтогул көчөсүндөгү турак үйдүн 450 чарчы метр чатыры күйгөн.
Учурда өрттүн себеби такталууда.