Депутат Тынчтыкбек Шайназаров Назарали Ариповдун ордуна БШКнын мүчөлүгүнө сунушталууда

Депутат Тынчтыкбек Шайназаров Назарали Ариповдун ордуна БШКнын мүчөлүгүнө сунушталууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Шайназаров билдирди.

Депутаттын айтымында, анын талапкерлиги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде каралат. Андан соң 3-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат. Шайназаров "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты.

Назарали Арипов парламенттик шайлоого "Республика" партиясы менен аттануу чечимин кабыл алган. Мындан улам анын ыйгарым укуктары токтотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан