Ысык-Атада 57 кап буудай уурдаганга шектелип 4 жаран кармалды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө 23 жаштагы К.А. арыз менен кайрылып, 2-августтан 3-августка караган түнү Ысык-Ата районунун аймагындагы айылдардын биринде жайгашкан кампасынан белгисиз адамдар 57 кап буудайын уурдап кетишкенин билдирген.

Келтирилген материалдык чыгым 85 миң 500 сомду түзгөн. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "урдоо" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ысык-Ата районунун ИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 19 жаштагы З.А., 23 жаштагы К.Э., 24 жаштагы Б.Б., жана 22 жаштагы К.А. аттуу жарандар кармалган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүү жарандардын мындан башка дагы бир нече кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан