Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Мелдештин экинчи күнүндө кыргызстандык балбандар медаль утушкан жок

Венгрияда 16-22-сентябрь күндөрү өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күнү да кыргызстандык балбандар үчүн ийгиликсиз аяктады. Мелдештин экинчи күнү, 17-сентябрда эркин күрөш боюнча килем үстүнө чыккан Базар Базаргуруев (60 килограмм салмакта) алгачкы эле беттеште Франклин Гомес Матоско (Пуэрто-Рико) жеңилип, мелдештен четтеди. Ал эми дагы бир кыргызстандык балбан Айаал Лазарев (120 кг) биринчи беттеште германиялык  Йоханнеса Кесселди утуп, экинчи беттеште ирандык Камиль Гасемиге утулуп калды. Жалпы жыйынтыкта Айаал Лазарев 14-орунда калды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан