Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Түркиянын Анталия шаарында 16-22-сентябрь аралыгында өтүп жаткан "TENNIS ORGANISATION CUP" деген аталыштагы мелдеште чейрек финалга чыкты. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты кабарлайт.
Ксения Палкина жупта ойноодо израилдик Дениз Хазанюк менен бирге орусиялык Мария Богданова жана америкалык Таня Нуриге каршы беттешип, 6:0, 6:0 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетти. Ал эми ушул эле мелдештин алкагында жалгыз ойноодо Ксения Палкина румыниялык Николета-Каталина Даскалуга каршы беттеш өткөрөт.