Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаар мэрлеринин катышуусундагы жыйында 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселе каралды.
Мамлекет башчы шайлоолорду таза өткөрүү Кыргыз мамлекетинин мындан ары өнүгүүсүнүн негизги шарты болуп саналарын белгиледи. Айрым партиялар менен парламент депутаттыгына талапкерлер тарабынан шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы жөнүндө билдирүүлөргө бийлик органдары тарабынан ыкчам реакция болушу зарылдыгын баса белгиледи.
Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.