Ысык-Көлдө 17 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп каза болду

Ысык-Көл районунда эс алып жаткан 17 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кырсык кечээ, 1-сентябрь күнү саат 16:25те орун алган.

"Бостери айылында жайгашкан "Талисман" пансионатында 2003-жылы туулган бала көлгө чөгүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын №31 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан