Ошто 28-августтан бери дайынсыз болуп изделип жаткан жигит аман-эсен кайтып келди

Ошто 28-августтан бери дайынсыз болуп изделип жаткан 24 жаштагы жигит аман-эсен кайтып келди. Маалымат бүгүн, 2-сентябрда ӨКМнын басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.

"1996-жылы туулган жаран 28-августта үйүнөн чыгып кетип, ошондон бери дайынсыз болуп изделип жаткан. Анын туугандары куткаруучулар бөлүмүнө кайрылышып, Южный каналына түшүп кетиши мүмкүн деген божомолду айтышкан. Бүгүн, 2-сентябрда Ош шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары окуя болгон жерге барышып, сурамжылоо жүргүзүү учурунда жигит өзү кайтып келген. Абалы канааттандырарлык", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан