Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өспүрүмдөр арасында футбол боюнча өтүп жаткан Түркмөнстан Президентинин Кубогунда кыргызстандык футболчулар жарым финалда Орусияга 7:1 эсебинде жеңилип калышты. Бул тууралуу түркмөнстандык басылмалар билдирет. Кыргызстандын курамынан жалгыз голду Артур Зарлык уулу киргизген. Эми Кыргызстан командасы коло медаль үчүн Өзбекстан менен беттешет. Оюн 19-сентябрь күнү өтөт.