Депутат Таалайбек Масабиров мандатын тапшырат. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына кабарлады.
Мандатын тапшыруу себебин бир аздан кийин айтарын билдирди. Масабиров мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылган. Ал "Кыргызстан" фракциясынан депутат. Анын ордуна депутат болуп Байгазы Кенжебаев келери айтылууда.