Жалдагы үрөй учурган мушташка шектелип кармалган Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековго сот чечим чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Анда Ленин райондук соту айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, Жаныбек Бапышовду 10 жылга, ал эми Каныбек Сейитбековду 11 жылга эркинен ажыраткан.
Маалыматка ылайык, чечим 27-августта чыккан.
2019-жылдын 28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Бул окуя боюнча шектүүлөр 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жарандар кармалган. Ал эми булардын бир тууган агасы Казыбек Бапышов 10-сентябрда кармалып, УКМКнын тергөө камагына киргизилген. 2019-жылдын 23-декабрында Казыбек Бапышовдун баш коргоо чарасы тергөөчүнүн өтүнүчү менен каралып, ал үй камагына чыккан.