Кыргыз өкмөтү эл аралык каржы институттарынан келген тышкы жардамдардын пайдаланылышы боюнча маалымат айдыңында айтылган сынга дагы бир жолу түшүндүрмө берет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Анда COVID-19 пандемиясы башталган учурдан тартып ушул күнгө чейин эл аралык донорлордон 334 миллион АКШ доллары келип түшкөнү жана анын ичинен 205 миллион АКШ доллары колдонулганы маалымдалат. Алсак,
Андан ары өкмөттүн маалыматында өлкөнүн тышкы карызынын миллиард долларга көбөйүшү жөнүндө сөз болушу мүмкүн эместиги айтылат.
"Шашылыш түрдө 100 миллион доллар берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо процесси боюнча айыптоолорго токтолсок, бул жерде Эл аралык валюта фондунан алынган насыя деп айтылууда. Бирок бул насыя эмес экендигин белгилейбиз. Аталган каражатты Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду бөлгөн. Ресурсту алуу жөнүндө сүйлөшүү февраль айында эле башталып, 2020-жылдын апрель айында жактырылган. Ошондой эле бул каражаттарды пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жактырылган жана президент тарабынан бекитилген "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга карата республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жазылган.
Каражаттар 2020-жылдын 11-августунда кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Евразия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы COVID-19 пандемиясы шартында бюджетти колдоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан финансылык насыя берүү жөнүндө" Макулдашуунун негизинде берилүүдө. Ушул макулдашуунун насыялык бөлүгү Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун шарттарында каралган. Тагыраак айтканда насыяны төлөө мөөнөтү 20 жылды түзөт. Анын 10 жылы – бул 1 пайыз жылдык жеңилдетилген мезгил", - деп жазылат түшүндүрмөдө.
Насыянын каражаттары төмөнкү чыгымдарды каржылоого жумшалган:
- калктуу конуштарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорго;
- авариялык абалдагы мектептерди капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө жана курулуш иштерин аяктоого;
- ооруканаларды капиталдык оңдоо жана куруу, медициналык жабдуулар жана каражаттар менен камсыз кылууга;
- ирригация боюнча долбоорлорго;
- жолдорду капиталдык оңдоо, куруу жана калыбына келтирүүгө;
- "Ишкердик субъекттерин каржылоо" программасын ишке ашырууга.
Бул боюнча бүгүн, 3-сентябрда депутат Наталья Никитенко коронавируска каршы күрөшүү үчүн келген насыялар боюнча өкмөттүн маалыматын угууну сунуштаган. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген. Бирок депутаттын сунушу колдоого алынган эмес.
Эскерте кетсек, Кыргыз өкмөтү коронавирус пандемиясына байланыштуу бюджетти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун 2020-жылдын 14-майында сунуштаган. Ага ылайык, бюджетти кыскартуу менен кырдаалдан чыгуу, ал эми айлык-акы, пенсия жана жөлөк пулду тышкы жардамдын эсебинен төлөө боюнча долбоор каралган. Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган.