
О! Мобилдик оператору окуучуларга арналган жеңилдетилген тарифтин алгачкы колдонуучуларынын каалоо-тилектерин эске алып, окуучулар үчүн ай сайын абоненттик төлөм алынуучу жаңы ыңгайлуу «ОКУУЧУ 30 күн» версиясын иштеп чыкты.
30 күндүк «ОКУУЧУ» тарифинде дистанциондук окутуу үчүн керектүү нерселеринин баары бар:
- Күн менен түнгө бөлүнбөстөн 24 ГИГАБАЙТ интернет-трафик;
- О! түйүнүндө ЧЕКСИЗ чалуулар жана SMS + мессенжерлер: WhatsApp, Telegram, Skype, Instagram, Facebook, ВКонтакте, Одноклассники, Twitter;
- ЯКласс, Google Classroom, Zoom и образовательным ресурсам oku.edu.gov.kg, lib.kg, kitep.edu.gov.kg, okuma.kg, moodle.inai.kg, ibilim.kg порталдарына АКЫСЫЗ кирүү;
- О! Мобилдик операторунун бардык тарифтеринде «О!TV Окутуу» топтому АКЫСЫЗ жеткиликтүү, анын жардамы менен «Баластан», «ЭлТР», «Илим Билим», «5 канал», «Пирамида», «Санат» каналдарынан телесабактарды көрсө болот. Акысыз активдештирүү үчүн *750*88# буюртмасын терүү керек;
- «ЭлМектеп» электрондук күндөлүгү – АКЫСЫЗ, окуу процессинин бардык катышуучуларына сабак жүгүртмөсү, баалар, үй тапшырмалары жана көптөгөн башка нерселерди онлайн режимде алууларына жардам берет. Акысыз активдештирүү үчүн *818*1# буюртмасын терүү керек.
30 күнгө абоненттик төлөм – болгону 240 сом.
Тарифти кошуп алуу оңой
- Окуучу катары «Мой О!» тиркемесинде катталгандарга «ОКУУЧУ 30 күн» тарифине өтүү үчүн жөн гана *155*89# буюртмасын терүү керек.
- Жаңы тарифти алгачкы жолу кошууну каалагандар алгач «Мой О!» тиркемесин жүктөп алуу менен Окуучу катары каттоодон өтүүлөрү зарыл. Эгер сизде тиркеме орнотулган болсо, аны жөн гана жаңылап алыңыз да, «Тарифтер» менюсуна кириңиз, ал жерден «Окутуу үчүн» категориясын табасыз. «Окуучу үчүн» вкладкасын тандаңыз да, атайын форманы толтуруңуз.
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана тарифти жолжоболоштура турган номер менен каалаган O!Store сатуу жана тейлөө кеңсесине кайрылса болот.
Тариф каттоо жүргүзүлгөн телефон номерине бир күндүн ичинде автоматтык түрдө кошулат. Шарттар 2020-жылдын 31-октябрына чейин жеткиликтүү. Кененирээк маалымат o.kg сайтында.