Бишкектеги "Мадина" кафесинин ээси Хуфур Абдурахемандын өлүмү боюнча иш Свердлов райондук сотуна өттү

Киши колдуу каза болгон ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмү боюнча кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Бишкектеги Свердлов райондук соту бул ишти 2020-жылдын 23-июнунан баштап карап жатканы айтылат.

Эске салсак, 1981-жылы туулган ишкер Хуфур Абдурахеман 4-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан. 18-октябрда анын жансыз денеси Кочкор районунан табылганы маалым болгон. Милиция кызматкерлери жеке ишкер Хуфур Абдурахеманды уурдап кетип, өлтүрүүгө шектелип жаткан жалпы 8 адамды кармаган. Алардын арасында мурдагы милиция кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургандар да болгон. Ушул жылдын 10-июнунда ишкердин өлүмү боюнча тергөө иши аяктап калганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан