Бүгүн, 3-сентябрда парламентте Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Тынчтык Шайназаровдун талапкерлиги каралууда.
Анын талапкерлиги боюнча баяндаманы көпчүлүк коалициянын жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы жасады. Жыйынтыгында жашыруун добуш берүү өтүп, анын талапкерлиги жактырылды.
Ал Назарали Ариповдун ордуна келет. Арипов шайлоого аттанып жатканы үчүн кызматынан четтетилген.