Малик Аликеев операциядан кийинки абалы тууралуу: "Учурда айылдамын, ден соолугум жакшы"

Ырчы Малик Аликеев кокустап, жамбаш сөөгүн сындырып алып, төшөктө жатканы, ага июль айында операция жасалганы маалымдалган. Учурда ырчынын абалы жакшы, ал ооруканадан чыгарылганы, Таласта экени өзү менен байланышканыбызда белгилүү болду.

"Операция ийгиликтүү болуп, 18-августта ооруканадан чыккам. Бейтапканадан чыккандан кийин Таласка келдим. Учурда айылдамын, ден соолугум жакшы. Көнүгүүлөрдү жасап жатам. Басып кетейин дейм, бирок убакыт керек. Дарыгерлер убагы келгенче ашыкча кыймыл кылбай турууну, болбосо зыян тартып каларымды айтышкан. Баары жакшы", - дейт ал.

Малик Аликеевге операция Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жасалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kadyrova_
2020-09-03 15:29:48
Жакшы кабар экен.бирок Малик Аликевти ооруканада жатып ичип алып жанжал жасап жатат дегенда жанылык айтыныздар эле ал жакта ичпей атыптырбы?
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан