Ошто 11 жаштагы жээнине сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаганга шектүү жаран кармалды

Ош шаарында 11 жаштагы жээнине карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаганга шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"1-сентябрь күнү Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда анын 2009-жылы туулган кызына карата ушул эле күнү саат 10:00 чамасында бир тууган иниси сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгын билдирген. Окуя боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүү катары жабырлануучунун таякеси 1990-жылы туулган жаран кармалды.

Аталган бөлүмдүн тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 164-беренеси ("16 жашка толо элек жаран менен сексуалдык аракеттер") менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери башталды.

1990-жылы туулган шектүү жаран 2-сентябрда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жабырлануучуга карата тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп билдиришти башкармалыктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
al-abu-kinesz
2020-09-03 16:20:19
Ит экенсин дейин десем ит дагы сенден тазараак, чочко экенсин.
+2
Gospozhatsetok
2020-09-08 01:16:50
Эки бутубуз гана болбосо малдан эч айырмабыз калбай баратат Кудайга тообо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан