Бишкекте түндө 4 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Жаракат алгандар бар

Бишкекте 4 жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Патрулдук милициянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, автокырсык 3-сентябрга караган түнү саат 02:00 чамасында орун алган.

"Анда Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес Бенц, Фольксваген Гольф 4, Тойота Авенсис жана Хонда Фит үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Фольксваген Гольф 4 унаасынын айдоочусу жабыркап, ооруканага жеткирилген. Мындан тышкары 4 киши жеңил жаракаттарды алып, медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө жиберилген. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - дешти мекеменин басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан