Кыргызстандык дзюдочулар германиялык клубдун намысын коргоодо

Дзюдо боюнча Кыргызстан курама командасынын мүчөлөрү Юрий Краковецкий менен Чыңгыз Мамедов германиялык Hamburger Judo-Team деген клубдун намысын коргойт. Бул тууралуу дзюдо федерациясы билдирет. 2012-жылкы Лондон Олимпиадасынан кийин, КРнын дзюдо федерациясына германиялык клуб тарабынан сунуш түшүп, алгач Юрий Краковецкий, кийинчерээк Чыңгыз Мамедов менен келишим түзүлгөн. Кыргызстандык дзюдочуларга аталган клуб менен 1 жылга келишим түзгөн. Айта кетсек, Германияда дзюдо боюнча клубдар арасында өлкө чемпиондугу өткөрүлөт. Клубдарга башка өлкөнүн спортчулары да ойносо болот. 21-сентябрь күнү Юрий Краковецкий менен Ч.Мамедовдун клубу TSV Großhadern деген клубка каршы беттеш өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан