Куран окутууга бара жатышкан. Казармандагы 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынын чоо-жайы

Бүгүн, 4-сентябрь күнү саат 09:00 чамасында Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын Тагай тилкесинде 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Анда Ауди А6 үлгүсүндөгү унаа менен ХОВО үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматынын алдын ала маалыматына ылайык, каза болгондор Атай айылынан Казарман айылына куран окутууга бара жатышкан.

"Жеңил унаада айдоочу менен кошо 8 адам (2 эркек, 5 аял жана 4 жаштан өткөн бала) бара жатышкан. Анда аялы менен күйөөсү, калгандары кошуналары болгон. Алдын ала маалымат боюнча, оор жүк ташуучу унаа экинчи тилкеден негизги жолго чыгып кеткен. Учурда тиешелүү кызматтын өкүлдөрү окуя болгон жерде иш алып барууда", - деп билдирди мекеменин басма сөз катчысы.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгы айдоочуларга кайрылат: Жол кыймылынын эрежелеринин так сактоого жана транспорт каражатын башкарууда этият болууга чакырабыз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан