Өспүрүм кызды зордуктоого шектелген жаран Москвадан кармалды. ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, шектүү жаран 2016-жылдан бери издөөдө жүргөн.
Ушул жылдын август айынын аягында ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарынын укук коргоо органдары менен биргеликте издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун 1995-жылы туулган Т.У. аттуу тургунун кармашкан. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 132-беренесинде ("16 жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо") көрсөтүлгөн кылмыштын курамындагы белгилер боюнча 2016-жылдан бери издөөгө алынган.
"Такталган маалымат боюнча, жогорудагы жаран 2015-жылы күз айында жашы жете элек өспүрүм (2001-жылы туулган кыз) менен жыныстык катнашка барып, кыздын боюнда болуп калган. Окуя болгондон кийин Т.У. изин жашырып качып кеткен. Кийинчерээк шектүү Орусиянын аймагында жашырынып жүргөндүгү аныкталган.
Мындан сырткары жогорудагы жаран федералдык издөөдө жүргөндүгү такталган. Ал Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын курамындагы белгилер боюнча издөөгө алынган.
Учурда кармалган жаран Москва шаарындагы тергөө абагына киргизилди. Минск конвенциясына ылайык, шектүүнү өз өлкөсүнө экстрадициялоо тууралуу маселе Орусиянын мыйзамына ылайык кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим кабыл алынгандан кийин чечилет", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.