О! Мобилдик оператору абоненттерин санариптик билим берүү контентине эркин кирүү мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылууну улантууда.
Бардык О! абоненттери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан даярдалган телесабактарды О!TV тиркемесиндеги «O!TV Окутуу» сервисинин жардамы менен көрө алышат.
Телесабактарды түз эле смартфондо, планшетте же SMART TV функциясы бар телевизордо көрсө болот:
Кантип кошулса болот?
Сервиске кантип кошулуу жана кантип пайдалануу тууралуу бир мүнөттүк видеону шилтеме аркылуу көрүңүз: https://www.youtube.com/watch?v=gj0Z2gAF2l4
Сабак жүгүртмөсүн кайдан көрсө болот?
Сабактардын актуалдуу жүгүртмөсүн «Мой О!» тиркемесинин «Мектеп» бөлүмүнөн билсе болот.
Кайсы түзүлүштөрдөн O!TV тиркемесин көрсө болот?
О!TV тиркемесин жайлуу көрүү үчүн мультискрин функциясы ишке ашырылган. Эми үй-бүлөдө бир эле O!TV аккаунттун (бир логин жана шарт белги) болгону жетиштүү, ал эми сервис менен үй-бүлөнүн дароо 3 мүчөсү ар түрдүү түзүлүштөрдөн бир учурда пайдалана алышат. Мисалы, атасы телевизордон футбол, апасы смартфонунан сүйүктүү сериалынан, ал эми баласы планшетте мультиктерди же телесабактарды көрө алат.
Сабак жүгүртмөсү боюнча сабакты көрүүгө жетишпей калганда эмне кылуу керек?
Эгер бала алаксып калса же сабакты көрө албай калса О!TV тиркемесинде кийинкиге калтырылган көрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул эфирде көрсөтүлгөн телекөрсөтүүлөргө кайрылууга жана аларды кийинчерээк көрүүгө шарт түзөт. «Мой О!» тиркемесиндеги «Мектеп» бөлүмүндө сабактар жазылып алынган, аларды каалаган убакта кайрылып көрүүгө болот.
О!TV сервиси бардык баланста жеткиликтүү, ал эми интернет-трафик тарификацияланбайт жана интернеттин негизги топтомунан эсептелинбейт.
O!TV тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сиз otv.kg сайтынан билсеңиз болот.
О! Мобилдик оператору менен бирге окуйбуз.
O! TV кызматынын алкагындагы телеканалдар, мазмуну жана контент «Диас ТВ» ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлөт.