Ошто пробация бөлүмүнүн башкы адиси пара алуу беренеси менен кармалды

Ошто пробация бөлүмүнүн кызматкери "пара алуу" беренеси менен кармалды. Малыматты бүгүн, 4-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 27-августта С.А. аттуу жаран укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган.

"Пробация департаментинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын башкы адиси соттолуучуну шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн арыздануучудан 38 миң сом талап кылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 326-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам тергөө иштеринин алкагында 1-сентябрда мекеменин кызматкери 38 миң сом акча каражатын алып жаткан учурда кармалып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №53 тергөө изоляторуна камакка алынды", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан