Атактуу аргентиналык футболчу Лионель Месси "Барселона" футболдук клубунан эч жакка кетпейт. Бул тууралуу "Sphera Sports" басылмасы өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 33 жаштагы Месси мындай чечими тууралуу жакынкы убакыттарда билдирүү жасайт. Ошол эле учурда анын билдирүүсү даяр экендиги белгилүү болду.
Лионель Месси "Барселона" клубунун жаңы машыктыруучусу Рональд Куман менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин клубдан кетүү чечимин кабыл алгандыгы кабарланган.