Президент Сооронбай Жээнбеков: "Акын Аалы Туткучевдин ырынан жаман нерсе издеп кереги жок"

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Эгемендүүлүк күнүндө акын Аалы Туткучевдин аткарган ыры боюнча "Биринчи радиого" маек берип жатып өз оюн айтты.

Мамлекет башчы акындын ырынан жаман нерсе издеп кереги жок деп билдирип, кененирээк буларга токтолду.

"Аалы акыныбыз мамлекеттик саясатты, тагыраак айтканда менин президенттик ишимдеги негизги багыттарды ырга салды. Бул, албетте, коомчулуктун көңүлүн бурат. Акын - элдин жарчысы. Мен да эл аралап жүрөм, элден көп кайрылуу келет. Элди эмне түйшөлтөт, эмне маселе, кандай көйгөйлөрү бар, баарыбызга алаканга салгандай эле көрүнүп турат да. Элди кыдырып жүргөндө угуп атам. Жалпыга маалымдоо каражаттарынан окуп, угуп жатам. Биз ачык коомбуз. Ал көйгөйлөрдү капка салып, беките албайбыз. Эл билген нерсени жашыра албайбыз. Бул маселелер боюнча эки жылдан бери тынбай айтып келе жатам. Иш жүрүп жатат. Айрыкча, өлкөнү санариптештирүү боюнча. Ошол эле бажы тармагын алалы. Бул көп жылдар бою, 20-30 жылдап калыптанган мамилелер, схемалар бар. Ошолорду биз азыр жок кылып жатабыз. Бажыда эле эмес, көп тармактарда абал ошондой болуп келген. Барган жеримде бир эле бажы эмес, салык эмес, сот системине, айыл өкмөтүнө кирип жаткан санарип саясатын текшерип жатам. Элге кызмат көрсөтүүсүн, айрыкча мамлекетке, бюджетке түшүп жаткан каражаттарды санариптешмейинче биз мамлекеттин, бийликтин кадыр-баркын элдин астында көтөрө албайбыз. Аалы акыныбыз ошол саясатымды ырга салды. Менимче, Аалы мырза менин жүргүзүп жаткан саясатымды элибизге дагы жакындатты. Мен ушундай кабыл алдым. Менин президенттик ишимди акындар ушинтип ырдап, коррупционерди коррупционер деп, коомдун оорусун көзгө сайып көрсөтүп турса, мындан эч жаман нерсе издеп кереги жок деп ойлойм. Күрөшүп жатабыз, убакыт керек болуп жатат. Элдин үнүн бийликке жеткирип эле тим болбой, аткаминерлерди чыйралтып, керек болсо тизгиндеп туруу ушул биздин акындардын вазыйпасы деп ойлойм. Андай мүмкүнчүлүк акынга бир келди. Бир келген нерсени айтып алды. Туура кылды деп ойлом", - деп билдирди.

Буга чейин, 31-август Эгемендүүлүк күнүндө Акын Аалы Туткучевдин ырдаганы жана ал козгогон темалар соцтармакта талкууга алынып, интернет желесине тараган. Айрымдар муну биздин коомдун ачыктыгы, жетишкендиги дешсе, кээ бири бийликтин саясатын сындаганы деген өңдүү пикирлерди калтырышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан