Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. ӨКМнын маалымат кызматы кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 6-сентябрда саат 09:46да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Алай районунун Ак-Босого айылында 3 балл, Сары-Таш, Арча-Булак, Кызыл-Алай айылдарында 2 жарым баллга чейин сезилген деп айтылат кабарда.