Бишкекте түн ичинде жол кырсыгы катталып, 2 киши жаракат алды. Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан жол кырсыгы 6-сентябрга караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында орун алганын маалымдады.
"Тыныстанов менен Жумабеков көчөлөрүнүн кесилишинде Хонда Фит жана Мерседес үлгүсүндөгү унааларынын катышуусунда автокырсык катталды. Анын кесепетинен Мерседес үлгүсүндөгү унаанын 2 жүргүнчүсү жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Азыркы учурда жол кыймылынын келип чыгуу себеби такталууда", - деп билдиришти мекеменин маалымат кызматынан.