Бишкекте 24 жаштагы жигит бакка асынып каза болду

Бишкек шаарынын Эркиндик бульварында 24 жаштагы жигит өз жанын кыйып, каза болду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-сентябрда таңкы саат 05:00 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө Эркиндик бульварынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды деген билдирүү келип түшкөн.

"Биринчи Май РИИБинин ыкчам тергөө тобу чакыруу болгон жерге дароо барган. Анда кебетеси европалык болгон адам бакка асылып турган абалда табылган. Маркум 1996-жылы туулган М.М. аттуу жаран экендиги аныкталган. Сөөктү текшерүү учурунда денеге залал келтирүү же зомбулуктун белгилеринин издери табылган эмес", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынып, бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалганын мекемеден кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан