Поэтерапия: "Себеп болуп жагып калар бекем деп, Себинчү элем апакемдин атырын!"

"Поэтерапия" рубрикасынын коногу жаш акын, юмордук ырлары менен көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алган Мирлан Алтымыш уулу.

Мирлан Алтымыш уулу 1992-жылы 3-февралда Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында туулган. 2016-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган.

Эл аралык "Нур борбор" чыгармачылык академиясынын мүчөсү. 2013-жылы Кыргыз радиосу тарабынан уюштурулган "Таланттар таймашы" сынагынын жазма акындык өнөр боюнча баш байгесинин ээси. 2014-жылы Кыргыз патент уюштурган "Жаш калем" сынагынын баш байгесинин ээси. 2014-жылы "Нур борбор" чыгармачылык академиясы тарабынан "Жылдын мыкты акыны" деп табылган. 2015-жылы "Бейне өнөр" коомдук фонду уюштурган "Сөз зергери" аттуу сынакта "Куйкум сап" номинациясынын ээси. 2017-жылы Эгемберди Эрматов атындагы сыйлыктын лауреаты. 2014-жылы "СҮЙОЛОГИЯ" аттуу поэтикалык китеби жарык көрүп, 2015-жылы аталган китептин 2-басылышы жарык көргөн.

СҮЙОЛОГИЯ
(апама кат)

"Социология", "Биология"
илимдердин тармагы.
Филология – улуу илим
элге маалым ал жагы...
"Билим алсаң өмүрүңдө
көп тиет" дейт жардамы.
"Билим алып көкөлөйм" деп,
балаң канат байлады.
Жаңы илим ачтым апа
элге жагат ал дагы.
"СҮЙОЛОГИЯ" деген илим
сүйгөндөргө пайдалуу.

"Сүйология дейсиңби?" деп
апа анча чочуба!
Сүйология болот экен
күйсөң сүйүү отуна.
Сүйгөнүмдү көрүү үчүн
калбай барам окууга.
"Филология", "сүйология"
жан дүйнөмдө кошуна!

Эки коён бир атамын,
менден кетет бир эле ок.
Көп коёнго көп ок аткан,
мен эмесмин пулёмот.
Адабият тилди үйрөнсөм
болуп чыгам "филолог"!
Сүйүүнү да кошо окуп
менден чыгат "сүйолог"!
Ал сулууга үйлөнгөндө
анан болом "КҮЙӨӨЛОГ"!

Катты сизге жаздым, апа,
кандай болот чечимиң?
Экөөбүздү үйлөнтүүгө
доллар жетет ЖЕТИ МИҢ...
Жыл айланып келиниңиз
терметкенде бешигин.
Мен ошондо окуй баштайм
"АТАЛОГИЯ" кесибин.

Катты сизге жаздым, апа,
макул болуп койсоңуз!
Келиниңиз болчу кызга
азыр жакын ортобуз.
Неберени жетелеген
ал да сиздин олжоңуз.
Куп жарашып калат сизге
"НЕБЕРОЛОГ" болсоңуз!

— "Сүйология" деген ырым 2013-жылы жазылган. Студенттик жылдарда, тагыраагы окуп жүргөн кезде окуума байланыштуу жазылган. Филфакта окуп жүрүп, бир кызга ашык болуп, апам менен телефондо сүйлөшүп жаткан кезимде "окууларың кандай?" деп сурап калды. Анда мен филологияны, сүйологияны дагы окуп жатам деп айтып, күлүп калдым. Ошондо сүйология деген сөз өзүмө жагып калды да, ошол сөздүн негизинде ашык болгон кызга да арнап, "апама кат" деп ыр жазып калдым.

Бул ыр мага абдан жакшы ийгиликтерди алып келди десем болот. Тактап айтканда, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болду. Кийин ырларды жыйнак кылып чыгарганда, китептин атын "Сүйология" деп атап койдум. Себеп дегенде китептеги ырларымдын басымдуу бөлүгү сүйүү, ашыктык ырлары. Мекенге, ата-энеге, жаратылышка болгон сүйүү, жалпы эле сүйүү камтылган. Андан сырткары китебимде тамашалуу ырлар дагы болгондуктан дал ушул аталыш коюлуп калган. Бул ыр өз максатына жетти десем болот.

УУЗ СЕЗИМ

Кызыгы көп бала кезди өткөргөм,
Кылыктанган кыз кылыгын көп көргөм.
Секелек кыз, окуучулук куракта,
Сени сүйүп бир заматта өзгөргөм.

Сенден жүрөк сүрдөсө да титиреп,
Сага жетсем дечү элем күч үрөп.
Жагыш үчүн бир маал жууган тишимди,
Жолугарда жууп алчу элем үч ирет.

Ичке батпай сезимдерим жашыруун,
Ий, кокуй күн, анда аз да акылым.
Себеп болуп жагып калар бекем деп,
Себинчү элем апакемдин атырын!

Жоогазындай назик сезим тамырлап,
Жолугушчу күндү эскертсең маалымдап.
Он күндө бир араң жуучу башымды,
Ошол күнү жуучу элем самындап.

Жолугалы деп жазылган катыма,
Жооп алганда "Ай конгонсуп башыма".
Кийип жөнөйм туфилисин байкемдин,
Чүпөрөктү тыга салып башына.

Мектебиңден келээр маалың болгондо,
Мен турчу элем сени күтүп чоң жолдо.
Сүйүнчүмүн Күн көтөрүп алгандай,
Чоң сумкеңди маа көтөртүп койгондо!

— Ал эми "Ууз сезим" деген ырым бала кездеги сүйүүнү эске салып, жазылган ырлардын бири. Ар бир адамдын бала кезинде башынан ушундай жакшы, таттуу сезимдер өткөнү талашсыз. Ошондуктан окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынган. Бала чакта алгачкы сезимдерге кабылып, ашык болгон адамына жагыш үчүн бардык көргөн аракеттер чагылдырылган. Бул ыр 2014-жылы жазылган.

КАЛККА СУНУШ

(какшык)

"Кыргыз" деген кыйшайган турушу бар,
Кыл арканга өтпөгөн кылычы бар.
Айла таппай сай-сайлап кеткен элге,
Акыныңдын алты ооз сунушу бар.

Эл чогулуп кеңешүү кылбайлыбы,
Кел, чогулуп курултай курбайлыбы.
Баскан жолуң бейишке жеткирген жок,
Барчу жолдун багытын бурбайлыбы?

Айкөлүңдүн күмбөзүн ачпайлыбы,
Ата-баба мурасын чачпайлыбы.
Көңкү кыргыз "долларга" туйтунасың,
Көлгө кошуп Кумтөрдү сатпайлыбы.

Аңтарылбай тоолордун бар байлыгы,
"Ак төө" карды бүпбүтүн… Жарбайлыбы.
Карызы көп чет элге Кыргызстанды,
"КАРЫЗСТАН" деп атап албайлыбы?

Ар-намысты жоготуп жойбойлубу,
Аккуланы аш-тойго сойбойлубу.
Кредитти көп алып өлкөбүздү,
"КРИЗИЗСТАН" деп атап койбойлубу?

Адалдыктан үмүттү үзбөйлүбү,
Аш-той берип күндө арак ичпейлиби.
Бөйрөгүңдү сатсаң да, алып ичип,
Бөтөлкөнүн түбүнө түшпөйлүбү?

Нарын суунун агымын бурбайлыбы,
Наркыбызга кыянат кылбайлыбы.
"Ак молдону" "Ивандан" ашып ичип,
"АЛКАШСТАН" өлкөсүн курбайлыбы?

Кыргыз, эски салтыңды көмбөйлүбү,
Кыздын чачын кырк бөлүп өрбөйлүбү.
Чет өлкөгө кыз сатып, калың алып,
Сулуулардын пайдасын көрбөйлүбү?

Тууганбыз деп коюнду ачпайлыбы,
Туристтерден көп олжо таппайлыбы.
Тукумдарын көбөй деп таштап кетсе,
"ТУРИСТБЕК" деп жээндерди бакпайлыбы?

КИТЕП болбой кыргыздын дил байлыгы,
Кирдеп турат барагы… жыйбайлыбы.
Окулбаса алпарып… Керек жерге
"ОТ ТАМЫЗГЫ", "ААРЧЫГЫЧ" кылбайлыбы?…

Киндиктерди өзүбүз кеспейлиби,
Кементайың жыртылды чечпейлиби.
"МИТИНГСТАН" өлкөдөн тажап бүттүк,
Мигрант болуп чет жерге кетпейлиби?…

Ар ким атап өз уруу атыңарды,
Ар коктуда жашадык чачыранды.
Жети дубан бөлүнбөй келгиле эми,
ЖЕТИМИШКЕ бөлүнүп чачырайлы!..

— Бул ырдын жаралуу тарыхы дагы өзгөчө. Негизи менин чыгармачылыгымда саясатка багытталган ырлар жокко эсе. Бул темага кайрылган эмесмин, кайрылууну дагы каалабайм. Бирок ошентсе дагы жерден жаракка кетсе, акындын жүрөгү аркылуу өтөт дегендей, коомдо болуп жаткан терс окуялар, жаман көрүнүштөр, өзгөчө бийликтин чабалдыгы, кетирген саясий каталары, элдин жакырчылык турмушу, элдин караңгылыгы, билимге умтулбастыгы жөнүндө ойлор ичимде кайнап жүрдү. Ошол ойлор кийинчерээк бул ыр саптарына айланды.

Бул ырдын мазмунунда кыргыз элинин өткөн бабаларын "бизден Манас чыкты" деп мактанып жаткан кыргыз, азыркы учурда өзүлөрү бир нерсе жасап, мактана турган дээрлик эч нерсеси жок. Албетте, мурдагы тарыхты айтып мактанганга укугубуз бар. Бирок ошол эле учурда азыркы жаңы доорго жаңы кадам ташташыбыз керек. Ошол тарыхты айта турган дагы убакыт келет. Келечек муун биздин тарыхты кандай (мактайбы же жамандайбы) айтат, ошол маселе турат. Ошон үчүн кыргыз элин ойгото турган бир ырды жазууну ойлонуп, толгонуп жүрдүм. Анан адамдар аны кылба десең, тескерисинче ошону кылышат эмеспи. Ошондуктан ушундай таризде жазылган. Какшык аркылуу элдин аң-сезимин ойготуу, элди жакшы жакка чакыруу максатында жазылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asel69
2020-09-08 19:17:59
Жан дуйнонун терапиясы.
+1
raikakyz
2020-09-09 16:14:03
Сонун саптар!!! СҮЙОЛОГИЯсы жакты. Азаматсың, ийгиликтер коштой берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан