Сокулукта курулуш шаймандарын уурдап кетүүгө аракет кылган 32 жаштагы жаран кармалды

Сокулукта уурулукка жана денеге залал келтирүүгө шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Сокулук РИИБине К.Т. аттуу жергиликтүү тургун кайрылып, 26-август күнү анын жаңы курулуп жаткан үйүнө белгисиз адам кирип, кымбат баалуу курулуш шаймандарын уурдап кетүүгө аракет кылганын айткан.

"Жабырлануучунун айтымында, кебетеси азиялык болгон, болжол менен 30-35 жаштагы адам анын үйүнө кирип шаймандарды уурдап жаткан жеринен кармалган. Аны токтотууга аракет кылганда шектүү К.Т.нын денесине залал келтирип, белгисиз тарапка качып кеткен. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Сокулук милициясы тарабынан бул кылмышка шектелип, мурда бир нече жолу соттолгон, 32-жаштагы А.А. аттуу жаран кармалган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, ал камакка алынды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2020-09-07 16:46:28
Ушундай сакал койсо эле автаритетпи.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан