Ошто 20 жаштагы кызды ала качууга аракет кылган деп шектелип, 29 жаштагы жаран кармалды

Ош шаарында "20 жаштагы кызды ала качууга аракет кылып жана аны коркутуп жүргөн" деп шектелип, 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-сентябрь күнү милицияга кыз ала качуу боюнча түшкөн арыз түшүп, анын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1991-жылы туулган Ж.А.у. аттуу жигит кармалган.

"Кармалган жаран 10 күн убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда дагы кылмышка тиешеси бар делинип эки жаран изделүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан