Ош шаарында 11 жаштагы жээнине карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаганга шектелип кармалган 30 жаштагы жаран эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди Ош шаардык соту чыгарган.
1-сентябрь күнү Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда анын 2009-жылы туулган кызына карата ушул эле күнү саат 10:00 чамасында бир тууган иниси сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгын билдирген. Окуя боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүү катары жабырлануучунун таякеси 1990-жылы туулган жаран кармалган.