Ысык-Ата районунун Ивановка айылында 19 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кыздын жансыз денеси кум карьеринен табылган. Маркумдун аты-жөнү аныкталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Кыз буга чейин көп жылдардан бери эпилепсия менен ооруп, каттоодо турчу экен. Учурда бул иш боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет", - деп билдиришти башкармалыктан.