"Жакшы дарыгер көп акча табышы керек!"

Нейрохирург, медицина илимдеринин доктору, "Кортекс" неврологиялык борборунун директору Кадыров Руслан Маннафович менен маектешүү. Быйыл клиника 10 жылдык мааракесин белгилейт. Социалдык тармактарда талкууга алынган өлкөнүн медицинасы, клиникасы жана жарандардын интернетте калтырган түз суроолору боюнча талкуу.

- Өзүңүз жана жашоо жолуңуз жөнүндө айтып берсеңиз?

- Мен 1975-жылы Фрунзе шаарында классикалык советтик интеллигенциянын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Апам дарыгер, атам инженер. Атам өтө принципиалдуу жана чынчыл адам, аны көп учурда "коммунист" деп атап келишкен. Бул мезгилде биз өтө жөнөкөй жашадык. Катардагы орто мектепти аяктадым. Окууну аяктагандан кийин дарыгер кесиби мага жакын деп чечтим. Мындан тышкары, менин апам дарыгер, ал дагы кандайдыр бир деңгээлде мындай чечим чыгарганыма түрткү болду. Медициналык институтту бүткөндөн кийин нейрохирургия бөлүмүндө үч жылдык клиникалык ординатурадан өттүм. Андан кийин Улуттук госпиталда нейрохирург болуп иштедим.

- Сизде клиника түзүү идеясы кандайча пайда болду?

- Мамлекеттик ооруканада иштеп жатып, биздин коомдогу дарыгердин акыбалы мени таптакыр канааттандырбаганын түшүндүм. Бул өзүнүн оор жана өтө жоопкерчиликтүү иши үчүн оорулуулардын ыраазычылыгын алууну күткөн адамдын позициясы. Тактап айтканда, татыктуу жашоо үчүн дарыгердин маянасы менен ал кезде дагы, азыр дагы жашоо мүмкүн эмес.

- Акчаны кайдан алгансыз?

- Мен эле жалгыз ушунчалык акылдуу жана прогрессивдүү, өзүм үчүн иштөөгө даяр дарыгер эмесмин. Алардын саны көп, бирок маселе аны кандайча ишке ашырууда. Клиниканы ачуу үчүн баштапкы капитал керек. Бирок 2010-жылы менин үй-бүлөм үчүн 1000 доллар деле абдан чоң сумма болгон. Жыйынтыгында, мен аталаш инимди чоң-ата, чоң-энелерибизден калган батирди сатууга көндүрүп, ал акчага Москвадан диагностикалык жабдууларды сатып алдым. Андан кийин бир нече жыл бою иниме болгон карызымды жаптым. 2010-жылдын башында бизде 5 эле адам иштечү. Бирок убакыттын өтүшү менен көптөгөн күч-аракетти жана бардык жүгүртүү каражаттарын жумшап, биз кеңейе баштадык. Бүгүнкү күндө биз чет өлкөлүк капиталдын же коррупция жолу менен алынган каражаттарсыз өз алдынча өнүккөн саналуу ири клиникалардын бири болдук деп ишенимдүү айта алам.

- Клиниканын ишинин өзгөчөлүгү эмнеде?

- Биздин негизги багытыбыз неврология жана нейрохирургия. Борбордук нерв системасынын жабыркашына байланыштуу бардык нерсе. Буга катарлаш, өз кесибин мыкты билген дарыгерлер бар: офтальмологдор, кардиологдор, ортопеддер жана башка адистиктеги дарыгерлер. Хирургиялык борбордо нейрохирургия биздин негизги ишибиз бойдон калат. Биз нейрохирургияны эң жогорку, ошол эле учурда Европанын деңгээлине койдук деп ишенимдүү айта алам. Ошондой эле клиниканын приоритеттүү милдеттеринин бири медициналык технологияларды иштеп чыгуу жана сүрөт иштетүүчү методдор, МРТ (Магниттик-резонанстык томография) жана КТ (Компьютердик томография) изилдөө болуп саналат.

- Азыр клиника кандайча каржыланып жатат?

- Албетте, ушул этапта бул кредиттик каражаттар. Бул жерде Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө айта кетишим керек. Фонд 2018-жылдан бери бизге чоң жардам берип келе жатат. Бул фонд хирургиялык борборду жабдуу жана өлкөнүн алыскы аймактарында МРТ сканерин орнотуу боюнча биздин долбоорду колдоду. Пандемияга чейин 2 жыл мурун, кээ бир облустарда томографтар жок деп ойлой баштадык. Ансыз азыркы этапта кадимки медициналык жардам жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес. Фонд биздин демилгени колдоп, Баткенге жана Нарынга МРТ сканерин койдук. Жалпысынан, мен Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду эл үчүн реалдуу жана керектүү долбоорлорго жардам берген структуралардын бири деп ойлойм.

Пандемиянын убагы биздин медицинанын абалын кескин баса белгиледи. Жалпы Кыргызстандагы дарыгерлердин жана медицинанын абалы жөнүндө кандай ойдосуз? Дарыгер коомдун элитасы экенине толук ишенем. Биринчиден, доктур алгач көп жылдар бою билим алат. Экинчиден, медицина - бул дайыма өзгөрүп турган тармак, анда өзгөрүүлөр жана ачылыштар көп болот. Көрсө, дарыгер жогорку моралдык жоопкерчиликти аркалап, тынымсыз окуу процессинде болот экен. Ошондуктан кесиптештерибизди колдоого аракет кылып, пандемия маалында, биз дарыгерлер үчүн өпкөнүн томографиясын акысыз кыла баштадык. Менимче, биздин өлкө дарыгерлер менен медайымдар бааланбай калган өлкөлөрдүн бири. Биз дагы деле дарыгерлер жакыр жашаган абалдабыз. Мен жакшы дарыгер көп акча табышы керек деп эсептейм!

- Сиздин оюңузча, эмне үчүн биздин өлкө бул мезгилди ушунчалык кескин башынан өткөрдү? Эмне үчүн биздин өлкө ушундай абалга туш болду?

- Биринчиден, көбүнчө биздин менталитетке байланыштуу, кимдир бирөө аны моюнуна алганы жагымсыз болмок. Эч ким алгач чара көрбөдү, бет кап кийген жок, аралыкты сакташкан жок жана башка. Экинчиден, биздин медицина тармагыбыз даяр эмес болчу. Ошол учурда Бишкекке болжол менен 4000-5000 керебет керек болсо, анын 500гө жакыны гана даяр болгон. Мындан тышкары, кычкылтек жана шаймандар жеткирилген 60-70 гана реанимациялык керебеттер бар болчу. Чындыгында, эски советтик система бир кезде талкаланган, бирок жаңысы курулган эмес. Тилекке каршы, эгемендүүлүктүн 29 жылында мамлекет бир дагы оорукана курган жок! Үчүнчү маселе - антибиотиктерге туруктуулук. Биздин өлкөдө антибиотиктер дарыканаларда эркин сатылат жана мындай болбошу керек, маселе ушунда. Дүйнө жүзүндө антибиотиктер рецепт боюнча сатылат. Ошол эле учурда бизде антибиотиктердин биринчи топторуна каршылык бар, мындай учурда үчүнчү же төртүнчү муундагы дары-дармектер гана иштей алат. Ошондуктан көп жагынан дарыгерлер тез эле күрөшө алышкан жок.

Объективдүү айтканда, экинчи толкун бизге коркунуч келтирбейт. Бизде чоң толкун болду. Кандай десек дагы, көпчүлүктүн буга чейин иммунитети калыптанып калды.

- Эгерде бейтапта түнү бою жандандыруу бөлүмүндө жаткандай окуя болсо, ага канча чыгым кетет? Кээ бир адамдар жандандыруу бөлүмүндө түнөө 22 миң сом деп айтышат.

- Инсульт менен ооругандар алгачкы кабыл алуусу үчүн 22 миң сом кандайча төлөгөндүгүн караңыз. Бул күн эмес, кабыл алуу үчүн гана. Бул суммага: МРТ же КТны кошо алганда, бардык экспертизалар, бардык адистердин анализдери жана консультациялары, ошондой эле бейтап үчүн атайын дары-дармектердин баштапкы топтому кирет. Чындыгында, инсульт менен ооругандар бейтаптардын эң татаал топторунун бири болуп саналат жана бардыгын туура жасаш үчүн, аларга көптөгөн анализдер, изилдөөлөр жана дары-дармектер талап кылынат.

Андан кийин жандандыруу бөлүмүндө күнүнө 7 миң сом алабыз. Буга дары-дармектер, тамактануу, кызматкерлердин иши жана күндөлүк анализдер кирет. Эгер бейтаптын абалы оор болсо реанимациялык чаралар талап кылат. Мамлекеттик ооруканаларда дарыгерлер өтө эле аз дары-дармектер менен камсыздалгандыктан бейтаптын жакындарына дары-дармектерди эбегейсиз көп өлчөмдө алдырууга аргасыз болушат.

- Сиз өлкө боюнча жаңы филиалдарды ачууну пландап жатасызбы?

- Азыр балдар клиникасынын курулушун аяктап жатабыз. Бардык керектүү адистерди, анын ичинде церебралдык шал оорусу менен ооруган балдарды реабилитациялоо, тубаса жаракаттын кесепеттерин жана башкаларды камтыган чоң балдар клиникасын түзгүбүз келет.

Бул ооруканада бардык керектүү адистер болот: невропатологдор, педиатрлар, балдар хирургдары, педиатр кардиологдору, ортопеддер жана башкалар. Клиника Бишкектин түштүк кичи райондорунда жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан