Аксыда мал-жандыктарды чек арадан мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда мамлекеттик чек арадан мал-жандыктарды алып өтүүгө жасалган аракеттерге бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

"7-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районунан чек арачылар Хундай Портер үлгүсүндөгү автоунаасын жолуктурушкан. Унаанын айдоочусу 10 баш майда ийри мүйүздүү мал-жандыктарын Өзбекстандын аймагына айдап өтүүгө аракет кылган. Мындан тышкары 5-сентябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Таза-Суу жергесинде кызмат өтөп жаткан чек арачылар Хундай Портер үлгүсүндөгү автоунаасынын жанынан мамлекеттик чек арадан айдалып өтүүгө даярдалган 5 баш ийри мүйүздүү бодо мал-жандыктарын аныкташкан. Эки учурда тең мал-жандыктарды мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылышкан. Аталган фактылар боюнча Ички иштер министрлигинин аймактык кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан