Ырчы Анжелика онлайн форматта окуганга шарты жок 20 окуучуга смартфондорду тартуулады

Быйыл эпидемиологиялык абалга байланыштуу өлкөдө билим берүү онлайн форматта өтүп жатат. Өлкө боюнча биринчи класстын гана окуучулары салттуу форматта билим алышууда. Ал эми эпидемиологиялык кырдаал туруктуу делинген республиканын айрым аймактарында билим берүү салттуу түрдө уланууда.

Онлайн форматта билим алууга шарты жок болгон окуучуларга ырчы Анжелика смартфондорду тартуулады. 20 балага уюлдук телефондорду белекке берген Анжелика айым буларга токтолду.

"Билим алууга аябай муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына смартфондорду тараттым. Башында 16 балага телефон бермекмин, кийинчерээк 4 бала кошулду. Смартфондорду жарнамалардан тапкан каражатыма алып бердим. Алдыда компанияларды жарнамалоодон түшкөн каражатыма уюлдук телефондорду алып, онлайн окууга мүмкүнчүлүгү жок балдарга таратууну улантам", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Belek1710
2020-09-08 18:43:33
Азамат Анжелика!
+4
Aimani
2020-09-08 18:58:40
Азамат. Кайсы убакта кандай жардам керек экенин жакшы билет ушу кыз. Азыр балдарына телефон алпере албаган энелер толтура. Аллах ыраазы болсун!
+8
Asel69
2020-09-08 19:14:22
Азаматсын. Жараткан Тенирим сени колдосун. Дайыма ушинтип сулуу, жакшынакай болуп журо бер. Тенирим сага ден соолук берсин. Бар бол.
-6
Shake_shake
2020-09-09 11:45:34
Asel69,тенирин ким ошондо арстан алайбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан